Ички иштер министрлиги: “Элдик лотереянын” буга чейинки оюндарына мыйзамсыз лицензия берген мекемеге кылмыш иши козголду

“Элдик лотереянын” буга чейинки оюндарына мыйзамсыз лицензия берген мекемеге кылмыш иши козголду. Азыр иликтөө иштери толук аяктай элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер 
министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

"Бул ишкананын үстүнөн бир нече жаран Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам тергөө амалдары биздин башкармалыкка тапшырылган. Бул мекеме ар бир оюнду өткөрүүдө лицензия алат. Иликтөө иштеринин алкагында аталган ишкананын акыркы алган лицензиясы мыйзамдуу экени аныкталды. Бирок буга чейин алынган лицензиялары мыйзам бузуулар менен берилгени белгилүү болду. Биз компанияга кылмыш ишин козгогон жокпуз, аларга лицензия берүүчү Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери улантылып, мыйзам бузуулар канчалык деңгээлде орун алганы аныкталууда”,- дейт Б.Сейитов.

Белгилүү болгондой, учурда “Элдик лотереянын” Бишкектеги жана башка аймактагы кеңселери тинтүүгө алынып, документтери жана лицензиялары алынды.

“Элдик лотереянын” ишин токтотпойбуз. Акыркы жүргүзүлгөн жана өтө турган оюндарынын лицензиялары мыйзамдуу. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, биз бул ишкананы жабууга же ага кылмыш ишин козгоого кызыкдар эмеспиз. Бул ишкананын буга чейинки мыйзамсыз алынган лицензиялары боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Азырынча иликтөө иштери толук аяктай элек,- деди Бакыт Сейитов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurmuhammad.
2015-02-17 10:52:18
Жапкыла элдин башын айланткандарды!
Элдер мал жандыктарын, койлорун,эчкилерин кеебири тоокторун сатып лотерия алып жатышат!
Млиондорду утабыз дешип, же анысынан ташбака да чыкпайт. Откондо бир кызык жери бироо короз багып жургон экен, ошол корозун да сатып баарына билет алган экен эшектин тезеги да чыкпаптыр. Бее бечера элдерди алдагандарды жаза тарткыла!
+1
talant87
2015-02-17 11:17:05
супер инфо лицензияны кайдан кантип алат ошол жонундо малымат берип койсонор суураныч рахмат
0
danyshman
2015-02-17 11:34:35
Ар бир адам озунун жашоо шартына чамалап билет алып ойнойт.Миллион утсан жакшы,утбасан жаман болуп калабы ошондо?
0
alas
2015-02-17 11:48:01
Жабышка духунар жетпейт да 30 миллиондун 10% ти менен башынарга бир чапса дагы калат
0
nelya88
2015-02-17 12:23:35
Эмнеге компаниянын ишине кызыкдар эмессиздер! Же сиздерге да акчасынан берип коюштубу??? Жакшылап текшерип бизге далилдерин корсоткуло,анан ишенип калалык... Башынды оорутуп тажатма рекламаларын кайра-кайра бере берет,анын баарына карапайым элдин чонтогунон чыккан акча кетип жатат да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан