Жайыл районунда пенсия жана пособиелерге бөлүнгөн акча каражатын чегерип алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондогу “Чалдыбар” байланыш бөлүмүнүн жетекчиси А.З. өз кызмат укуктарынан пайдаланып, пенсия жана пособиеге төлөнүүчү 238 миң сом акча каражатын чегерип алган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.