Бүгүн, 17-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында франциялык ПСЖ өз үйүндө лондондук “Челсини” кабыл алат. Буга катар украиналык “Шахтёр” менен мюнхендик “Бавария” чейрек финалдык жолдомо үчүн алгачкы беттештерин өткөрүшөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Оюндар:
ПСЖ (Франция) – “Челси” (Англия)
Стадион: "Парк де Пренс"
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Жозе Моуринью, “Челсинин” башкы машыктыруучусу:
- Акыркы 10 жылда УЕФАнын Чемпиондор Лигасын башкы талапкерлер, ошол эле учурда “аутсайдер” саналган командалар утуп келишти. Өткөн сезон менен салыштырмалуу ПСЖ клубунун курамы дээрлик өзгөргөн жок. “Челсиде” болсо жаңы оюнчулар көбөйдү. Өткөн сезондо биз Парижде жеңилгенибизге карабай бул клубду 2 оюндун жыйынтыгында утуп чыкканбыз. Бул сезондо эмне күтүп турганын оюндун жүрүшүндө билебиз. Негизи, бул мелдеш дайыма сюрприздерге бай.
“Шахтёр” (Украина) – “Бавария” (Германия)
Стадион: "Арена Львов"
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Хосеп Гвардиола, “Бавариянын” башкы машыктыруучусу:
- Мен “Шахтёрду” жана команданын башкы машыктыруучусу Мирча Луческуну сыйлайм. Луческу - Европада мыкты командалардын бирин түзгөн машыктыруучу. Мен оюнчуларга айттым, “эгер силер кийинки баскычка чыксаңар, өзүңөр менен сыймыктангыла” деп. Анткени бул команда топ-клубдардын катарын толуктайт. “Шахтёр” дайыма ылдам жана агрессивдүү ойнойт. Биздин команда мыкты формада. Утуу үчүн татыктуу ойноого аракет кылабыз.