Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт
өчүрүү бөлүмү тартылган.
Токтогул
районунда Бишкек-Ош унаа жолунун
291-чакырымында МАN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын эки дөңгөлөгү күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Жалал-Абад
шаарындагы Спутник кичи районундагы мончолордун биринен өрт кырсыгы катталды. Жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 20 чарчы метр мончонун чатыры, 3 эшик, 3 терезе, 40 чарчы метр ички жасалгасы толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.