Коомчулукта Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери. Ал “кылмышка шериктеш болуу”, “адам өлтүрүү”, “укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматкерин өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталууда. Досоновдун жүргөн жерин көрүп-билгендер болсо, (0312) 66-06-83, (03222) 2-03-88, 2-06-91, 2-13-80, 2-59-23 номурларына кайрыла алышат.