Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында айдоочу 14 жаштагы кызды сүзүп кетип, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ эртең мененки саат 09:00 чамасында болгон. Ар түрдүү жаракаттарды алган окуучу кыз №3-балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда 51 жаштагы айдоочуга карата иликтөө иштери жүрүүдө.