Жогорку Кеңештин күбөлүгү жана тапанча менен түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырган жигитке жана атасына эскертүү берилди

Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн бирине тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн чыгарган жигиттин кайсы бир кылмышка катыштыгы жок экени аныкталды. Ал жигитке жана анын атасына эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында газ-травматикалык тапанча сүрөттөгү жигиттин досунуку экени аныкталды. Бирок анын ал тапанчаны алып жүрүүгө уруксаты жана тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Аталган себепке байланыштуу ага карата административдик материал топтолуп, сотко жөнөтүлгөн. Сүрөттө көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин күбөлүгүнүн ичинде эч нерсе жок болуп чыккан. Ошондой эле атасынын жергиликтүү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мүчөсү экендигин тастыктаган көбөлүк да табылган. Иликтөө иштеринин алкагында сүрөттөгү жигитке жана анын атасына эскертүү берилген. Эгер ал эскертүүлөр бузулса, анда аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодекси боюнча тиешелүү кылмыш иши козголмокчу”,- дейт Б.Сейитов.

Маалыматка ылайык, тапанчаны мыйзамсыз көтөрүп жүргөн жарандын туугандырынын баары текшерүүгө алынган. Аларга карата да эскертүү берилип, ал тапанчаны алган жерге тапшыруу же мыйзам чегинде ага тиешелүү документ алуу тапшырылды. 

“Курал-жаракты башка бирөөгө берүүгө болбойт. Тапанча менен сүрөткө түшүп, аны коомчулукка, социалдык түйүндөргө таратууга да болбойт. Себеби антип сүрөткө түшүү же куралды көчөдө алып жүрүү башка жарандарга карата кандайдыр бир коркунуч алып келиши толук ыктымал”,- деп кошумчалайт Б.Сейитов.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында сүрөттөгү тапанчанын кандайдыр бир кылмышка катыштыгы жок экени аныкталган. 

Айта кетсек, өткөн аптада интенеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн коомчулукка чыгарган жигитти издөө иштери жүрө баштаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
arman00
2015-02-17 16:01:31
бул баланын ордунда мен болсом 10жылга кесип берет беле кудай билет
+4
RONNI
2015-02-17 16:38:32
Кимдин баласы,депутат же башка бир чоондун баласы окшойт аты жонун жазбаганынарга караганда. Карапайым болгондо торт жагынан суротко тартып илип койот эленер же камалып кеткен болот эле
+5
erikkarakulja
2015-02-17 23:19:01
Башканы корбой ушуну коруп калышыптырда
0
admin_superstan
2015-02-18 11:29:11
EdikoKG, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан