Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Петровка айылында болгон. Анда коомдук унаанын айдоочусу жолдон өтүп бараткан жөө адамды сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам 32 жаштагы жаран окуя болгон жерден көз жумган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.