Бишкектеги шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине "кыйноо" жана "пара талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголду

Борбордогу №3-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине "кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, борбордогу Ленин райондук прокуратурасына Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал аталган милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 8-январь күнү анын үйүнө келип, себепсиз №3-шаардык милиция бөлүмүнө алып барып, анын денесине залал келтирип, кылмышты моюнуна алуусун талап кылышканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери кармалган жаранды тиешелүү арызы жок туруп жеткирилгендердин журналына каттабастан, милиция бөлүмүндө кармашканы аныкталган. 

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 305-1 (кордоо) жана 313-беренесине (пара алуу) ылайык кылмыш иштери козголду. Учурда аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан