Орусияда алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн 19 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Орусиянын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кармалган жаран Кыргызстандын күч органдары тарабынан 2014-жылдын ноябрь айында издөөгө алынган болчу. Учурда ал камакка алынып, маалыматтар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү.