Орусияда жасалма паспорт менен кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Орусиянын “Суджа” көзөмөл-өткөрүү жайынан азиат улутундагы адам кармалган. Ал Кыргызстандын жараны экенин айтып, Украинага өтүүгө аракет кылган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө анын паспорту жасалма болуп чыккан. Учурда ал жаран кармалып, аты-жөнү такталууда.