Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Казакстандын 35 жаштагы жараны кайрылган. Анда ал Рыспек аттуу чала таанышы 2014-жылдын 9-ноябрь күнү Фольксваген Гольф 4 үлгүсүндөгү унаасын сатып берүүгө алып кетип, изин суутуп кеткенин айткан. Учурда бул факт боюнча материалдар чогултулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.