Бүгүн, 18-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында мадриддик “Реал” германиялык “Шалькеге” каршы турат. Германияда өтө турган беттеш кызыгуу туудуруп жатат. Себеби өткөн жылы да бул эки команда ушул баскычта кез келип, анда 2 оюндун жыйынтыгында мадриддиктер ири эсепте жеңишке жетишкен (алгачкы беттеште 1:6, кийинкисинде 3:1 эсебинде уткан).
Ушул эле күнү жарым чейрек финалдагы бири-бирине тең 2 команда: “Базель” менен “Порту” беттешет.
“Шальке” (Германия) – “Реал” (Мадрид, Испания)
Стадион: “Велтинс-Арена”
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
“Базель” (Швейцария) – “Порту” (Португалия)
Стадион: “Санкт-Якоб Парк”
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)