Борбор калаада каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда КРнын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айынын аягында Жети-Өгүз районундагы жарандын үйү тонолгон. Анда белгисиз жарандар жабырлануучунун үйүнө терезеси аркылуу кирип, күч колдонуу менен 200 миң сом акча каражатын алып кетишкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Каракол шаарынын 26 жаштагы үч тургуну кармалды. Кармалган жарандар мурда да бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылып, жакында эле эркиндикке чыгышканы, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облусунда бир нече батирди тоношкону аныкталган.
Учурда алар камакка алынып, тергөө амалдары улантылууда.