Ноокенде кытай ишканасын карактагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-февраль күнү саат 22:00 чамасында аталган райондун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан мурунку нефть өндүрүүчү жерди цементтеп жаткан кытайлык “Тайлы КЭР” ишканасынын имаратынан белгисиз эки адам кирип, кызматкерди темир менен башка чаап, бөлмөдөгү сейфти алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын үч тургуну кармалган.
Алардын айтымдарында, кармалгандардын бири 12-февраль күнү жумушка орношуу үчүн аталган ишканага барып, ал жерде кытай жаранынын акча санап жатканын көрүп калган. Ошол күнү бул тууралуу эки досуна айтып, ишкананы карактоо максатында барышып, сейфти алып кетишкен. Бирок алар сейфтин ичинен документтерден башка эч нерсе таба алышкан эмес.