Журналисттерге карата жасалган орой мамиле боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, журналисттер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Анда алар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана ошол жердеги милиция кызматкерлери орой мамиле жасашканын айтышкан. Учурда бул боюнча Ички коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Айта кетсек, кечээ, 17-февраль күнү “Азаттык+” телепрограммасынын журналисти Токтосун Шамбетов жана оператор Жанарбек Жолдошбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдиновдон академиядагы коррупция боюнча интервью алганы барышкан. Бирок окуу жайдын кызматкерлери журналисттерди ректорго киргизбей, ошол жердеги милиция кызматкерлери менен бирге күч колдонуп окуу жайдан чыгарып салышкан.