Орусияда зордуктоого шектелген кыргызстандык жаран кармалды

Орусияда зордуктоого шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын август айында Красноярск шаарынын 20 жаштагы тургунун эки белгисиз адам кезектешип зордуктап, андан соң баалуу буюмдарын алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын 15-февралында кылмышка шектүүлөрдүн бири Москва шаарынан кармалган. Ал Кыргызстандын жараны болгон. Учурда экинчисин кармоо иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kairatmyn
2015-02-18 12:31:06
Россияда жургон миллиондогон мигранттар май айын кутуп документи жок иштейбиз деп суйунуп жатышат. Ушундай кылмыштар кобойо берсе Россия законун алмаштырат.
+1
uulay
2015-02-18 14:50:26
Kairatmyn, туура айтасыз. Орустар оздорунунун алкаштарын эптей албай жатса биздикилер кошумча болуп жатпайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан