Комиде жаңы көмүлгөн келинди зордуктагандардын бири 1,4 жылга, ал эми экинчиси 1,5 жылга эркинен ажыратылганы катуу талкууга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын 19-апрелинен 20-апрелине караган түнү болгон. Анда 35 жаштагы Алексей К. жана Роман Ф. ичип отурушуп, алардын бири мүрзөгө барып жаңы коюлган айылдашынын сөөгүн карап келүүнү сунуштаган. Ал эми мүрзөгө барган соң аталган эки жаран жаш келиндин мүрзөсүн казып, аны чыгарып, кийим-кечесин тытып, бир нече саат аны зордуктап, ойго келбеген нерселерди жасашкан. Бул үрөйдү учурган жагдайга эртеси айылдын тургундары күбө болушкан. Алар көрүнөн казылып алынып, мазакталган жаш келиндин сөөгүн көрүп, полиция кызматкерлерин чакырышкан. Бул факт боюнча “адамдар тобу тарабынан маркумду мазактоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелген жарандардын күнөөсү тиешелүү экспертизалардан кийин далилденди.
Айта кетсек, буга чейин да Нижегородский облусунда бир жаран мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөгүн чогултуп үйүндө сактап келгендиги аныкталган. Иликтөө иштеринин алкагында ал некрофил экени жана анын үйүнөн 15 маркумдун сөөгү табылган. Ал түн ичинде мүрзөлөргө барып, маркумдардын сөөктөрүн мүшөккө салып үйүнө алып кетип жүргөнү белгилүү болгон.
Маалымат үчүн: некрофилия - жансыз адамга сексуалдык кызыгуу.