Борбордо "жакшы дарыгер таап берем" деп 20 миң сом акча алып, изин суутуп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда чала таанышы апасынын операциясын жасаганга жакшы дарыгер таап берем деп 20 миң сом алып, убадасын аткарбай койгонун айткан. Бул факт боюнча "алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 55 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда.