Сокулук районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 40 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 17-февраль күнү белгисиз адамдар унаасынын айнегин сындырып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Р.В. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.