Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 17-февралда саат 17:00 чамасында болгон. Анда Мазда 626 жана Мерседес үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Эки айдоочу тең жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп, күнөөлүү айдоочу аныкталууда.