Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, 4 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-февраль күнү Кара-Көл шаарынын Капчыгай тилкесинде болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, 4 жаштагы кыз жабыркаган. Учурда жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.