Эл аралык күрөш федерациясынын өкүлдөрү бел боо күрөшү боюнча Кыргызстанда ири мелдеш уюштурууну сунушташты

Кечээ, 17-февралда Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Руслан Махмутов жана аталган уюмдун вице-президенти Ислам Албаков менен жолугушту.

Аталган агенттиктен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Р.Махмутов Күрөш федерациясынын акыркы жылдагы ийгиликтери тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал бел боо күрөшү боюнча Кыргызстанда мелдеш өткөрүү сунушун айтты. Өз кезегинде К.Эргешов бул сунушту жакын арада карай турганын айтып, бул спорт түрүн өнүктүрүүдө мамлекеттик агенттик колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Эл аралык күрөш федерациясынын өкүлдөрү эстеликке ала келген белектерин тапшырышты.

Жолугушууга Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова жана КРнын Бел боо күрөшү боюнча федерациясынын президенти Камчыбек Жолдошбаев да катышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ussr7
2015-02-18 18:35:56
Эмнеге биз озбектердин федерациясын колдошубуз керек?Бизде кыргызстанда Алыш курошун популяризация кылышыбыз керек.Анткени Алыш курошу Кыргызстанда уюшулган,командалары кыргыз тилинде,дуйнонун кайсы жеринде болбосун кыргызча айтылат.А курош федерациясынын офиси Ташкентте,Озбек окмоту аябай колдоп турат,дуйнонун ар кайсы олкосундо чемпионат откоруп ,популяризация кылышат.
Урматтуу кыргыздын саясатчылары,келгиле патриот бололу,кыргыз кыргызды колдобосо кантип онугобуз?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан