Ат-Башы районунда атасын мыкаачылык менен өлтүргөн жаран кармалды

Ат-Башы районунда “атасын мыкаачылык менен өлтүргөн” деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, 16-февралдан 17-февралга караган түнү Ат-Башы айылындагы турак үйлөрдүн биринен 1958-жылы туулган Тентимиш Айдаркановдун жансыз денеси табылган. Аны кароо учурунда маркумдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Т. уулу К. аттуу жаран кармалган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлө чыр-чатагынан улам 1988-жылы туулган жаран мас абалында атасын ур-токмокко алган. Алган жараатынан улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zarina2005
2015-02-18 18:15:44
Кудай сакта кыргыздар кайда баратабыз не деген шумдуктар болуп атат эне баланы бала атаны олтургон заманбы
+1
meli12
2015-02-19 00:32:44
ужас Кыргызстан эмне болуп калган.
0
erikkarakulja
2015-02-19 01:39:11
Тобо тобо.
+1
uulay
2015-02-19 09:53:42
Ата-энеге кол котормок тургай,тике карап,каяша айткан куноо. Баары Алланын амири мн.бирок тозоктон орун алып коюптур да. Ээ Алла перзент берсен да ыйманы,акылы,кайрым-мээрими мн бере кор.
+1
aihan77
2015-02-19 11:18:25
Кыргызстандын эли 2015 жылы айныганбы? Тообо кылдым:-( Ар куну кирсем олтурду, союп кетти,качты, зордуктады.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан