Борбор калаада "аялын ур-токмокко алып өлтүргөн" деп шектелген жаран соттун чечими менен №1-СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февраль күнү таңкы саат 06:00 чамасында милицияга билдирүү түшкөн. Анда Токтоналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылганын билдиришкен. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери батирден 25 жаштагы ур-токмокко алынып өлтүрүлгөн айымдын денесин табышкан. Иликтөө иштеринин алкагында анын денесинен көптөгөн жаракаттар табылган. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза тапкан айымдын жүрөгү жарылып жана боору үзүлүп кеткени аныкталган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.