Чемпиондор Лигасында Криштиану Роналду гол киргизип, "Реалга" жеңиш алып келди

19-февралга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында мадриддик “Реал” германиялык “Шальке” менен конокто ойноп, утуп алды. Германияда өткөн беттеште 2:0 эсеби катталды. Мадриддиктерге жеңиш алып келген голдорду Криштиану Роналду менен Марсело жаратты. 

Буга катар Швейцарияда жергиликтүү "Базель" клубу португалиялык "Портуну" кабыл алды. Анда үй ээлери алгачкы мүнөттөрдө гол жаратып, алдыга чыгышкан. Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда "Портунун" оюнчулары эсепти теңешти. 

Кошумчалай кетсек, бул жеңиш менен "Реал" чейрек финалга олуттуу кадам таштаса, "Порту" да конокто тең ойноо менен чоң артыкчылыкка ээ болду. Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 10-мартта орун алат.   

“Шальке” – “Реал” - 0:2

Голдор: Криштиану Роналду (26-мүнөттө), Марсело (79-мүнөттө)

“Базель”  – “Порту” - 1:1

Голдор: Дерлис Гонсалес (11-мүнөттө), Данило (79-мүнөттө, пенальтиден). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
beki.kg
2015-02-19 08:14:00
реал как всегда чемпион
0
nurando
2015-02-19 08:56:48
Ураааа Роналдо супер Марсело тоже
0
Nur45
2015-02-19 10:07:11
Мен 15мин алдын комментарии жаздым эле кана жок болуп кетиптирго.
0
azabraza
2015-02-19 10:11:05
урматтуу супер инфо эмнеге Роналдо гол киргизип реалга жениш алып келди деп жаздынар? Эгерде Марсело гол киргизип Роналду гол киргизбесе Реалга жениш алып келинмек эмеспи?
+1
bale95
2015-02-20 15:48:20
Реал деген реал да
0
REKETIR
2015-02-26 11:06:44
Роналдунун голу Реалдын женишине жардам берди деп айтса туура болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан