Кечээ, 18-февраль күнү саат 21:11де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Кызыл-Жар айылынан 3 чакырым түштүк-батышты, Үч-Коргон айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышты, Шамалды-Сай айылынан 7 чакырым түштүк-батышты, Бүргөндү айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышты, Таш-Көмүр шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты, Майлуу-Суу шаарынан 33 чакырым түштүк-батышты, Ош шаарынан 87 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жок.