Кара-Кулжада кар көчкү 18 баш кой-эчкини басып калды

Кара-Кулжа районунда кар көчкү 18 баш кой-эчкини басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү 18-февраль күнү 11:00 чамасында Көк-Арт айылынын Каракатты тилкесине

түшүп, 3 үй-бүлөнүн жалпы 18 баш кой-эчкисин басып калган. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 10 миң метр кубду түздү. Адам өмүрүнө жана турак жайларга зыян келтирген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан