Борбор калаада баңгизат менен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалган. Аны текшерүү маалында жанынан сатыкка даярдалган героиндер табылган. Учурда кармалган 49 жаштагы жаранга карата кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.