Борбор калаада "жашы жете элек кызды зордуктаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 40 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын 17 жаштагы кызын күч колдонуу менен зордуктап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн "Өспүрүм" рейдинин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.