Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган жаран боюнча райондук соттун чыгарган чечими жокко чыгарылды

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган жаран 8 жылга жатак-абагына кесилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы Бактияр Даутов Алмазбек Атамбаевге багытталган видеокайрылуусу үчүн Бишкектен кармалган. Кылмышка шектүү 2012-жылдын май айында жасаган кайрылуусунда Москвада Манастын эстелигинин коюлушу Жаратканды мазактоо экенин айтып, өлкө башчысынын жүргүзүп жаткан саясатына каршылыгын билдирүү менен ага жихад (муфтият: “Жихад” деген сөз жалпылап алганда “Алла Таала жолундагы кыймыл-аракет” деп түшүндүрүлөт. Даутовдун контекстинде ал сөз “Алла жолундагы согуш” деген маанини берет) жарыялаган.

Бул боюнча Бактияр Даутовго “конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо”, “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу”, “экстремисттик материалдарды таркатуу же болбосо аларды даярдоо жана жайылтуу максатында сатып алуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символикасын же атрибуттарын атайылап колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2014-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 5 жылга шарттуу кесип, Даутов экстремисттик материалдарды таркатуу боюнча гана айыпталып, президентке жихад жарыялаганы боюнча акталган. Кечээ, 18-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Даутовду 8 жылга жатак-абагына кести.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Aika96
2015-02-19 11:13:42
Жихад жарыялаганы жалган беле А.Атамбаевке карщы жихад деп суйлогон видеосун интернетке жуктосо анда кандай себептер менен сот аны актап салды? Бул жерде да коррупция ойноп кеткен окшойт.Эми жаны ген.прокурор эмне дейт экен бул боюнча.
-2
Uli6886
2015-02-19 11:19:55
жатак-абагы-дегенди кандай тушунсо болот уй камагыбы же башкабы
0
Aika96
2015-02-19 11:26:59
Uli6886,Колония поселения деп которулат экен.Ооба уй камагына чыгарылыптыр бир айда бир келип мен бул жердемин деп отметка кылып келип-кетип турат экен.Дагы Сирияга кетип жатышат кантип курошобуз деп коюшат уятсыздар озулору койо берип жатышканы менен иши жок.
0
Ariet7
2015-02-19 11:28:02
иии туру кантет кебетеси? !
-2
tagokg
2015-02-19 11:44:27
“конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо” беренеси боюнча 8 эмес 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ташиевдерге окшоп бул баланын кылмышын да далилдей албай коюшкан окшойт.
0
jakipov94
2015-02-19 11:58:09
Ариет адамдын бетине дегиле жузуно,кантет деп сын таагуу же башкача кароого жарашпайт, эгер бет жуулбай кир же башка болсо анда бир жон,
-3
Ariet7
2015-02-19 22:51:09
jakipov94, сын таккан жок эч ким. сакалын аябай остуруп террорист джихадчы болуп алган го деген мааниде жазгам
0
tursunbaev2004
2015-02-19 12:39:16
Озбекстанда болгондо давно атат эле,ушундайлар Сирияга угуттоп жатат,С....р Кыргызстанда кысып жашасанар жихад михад дебей
+9
elgiz0890
2015-02-19 18:36:35
tursunbaev2004 туура айтасын с лар кысып жашаш керек кудайга шугур эркин суйлоп эркин журобуз деп
0
milan_92
2015-02-19 19:32:56
bul kyrgyzby
0
EdikoKG
2015-02-19 19:41:36
"Олоор эчки,койчунун таягына суйконот " дешчу. Бирок,ичер суусу бар окшойт го. Бул жагы адилетсиз болуп калыптыр. Эхх
0
maksnarin
2015-02-19 21:34:40
Бекер кылыптыр,анан кайдагы курошкон-)(.
0
taku0214
2015-02-20 00:54:58
ушундай жихадчылардын азабы отту. олтурууго, талкалоого гана жихад кылганды билишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан