Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматы тарабынан 1-февралдан 15-февралга чейин ар кандай административдик протоколдор түзүлүп, ички иштер бөлүмдөрүнө 1260 адам жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган убакыт аралыгында 79 кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча 36, тоноо боюнча 5, зордуктоо боюнча 1, бейбаштык боюнча 19, уурдоо боюнча 3, алдамчылык боюнча 5, курал таап алуу боюнча 5, башка фактылар боюнча 5 факт катталган.