Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 89-90-чакырымдарында көлөмү 600 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоого №18-Жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси тарабынан 1 даана жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.