Бишкек шаарында "500 миң сомго жакын акча алып, бербей жүрөт" деп алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Надира аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен 465 миң сом алып, ошол бойдон бербей жатканын айткан. Ушундай эле арыз менен дагы эки жаран кайрылган. Алар да Надира аттуу айым алардан 40 миң сомдон алып, бербей жатканын айтышкан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.