2014-жылы 7 миңден ашык паспорттун мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы Социалдык фонддун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары тарабынан 7 миңден ашык паспорт мыйзамсыз берилген. Бул боюнча мыйзамсыз паспорт алган 500 жаран текшерилген. Алардын экөө кылмыш кылып, издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.