Ысык-Көл облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кечээ, 18-февраль күнү Каракол шаарында 51 жаштагы А.Э. кармалган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайды камтыган 18 китеп, баракчалар, дисктер табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.