2017-жылы Дене тарбия жана спорт агенттигине бюджеттен 490 миллион сом бөлүнөт

Дене тарбия жана спорт агенттигине бюджеттен 2017-жылы 490 миллион сом бөлүнөт. Муну 19-февралда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында аталган агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев билдирди. 
Анын айтымында, бул каражат спортту өнүктүрүүгө жетпейт. "Мамлекет спортко 2007-жылдан бери 450 миллион гана сом бөлүп келет. Бул каражат биздин чыгашаларыбыздын 70 пайызын гана жабат. Анткени чет мамлекетке оюндарга барсак, спортчулардын чыгымдарынын 70 пайызын биз төлөйбүз, калган бөлүгүн спортчулар өздөрү төлөшөт. Бөлүнгөн сумманын көлөмү 2017-жылы 490 миллион сомго көтөрүлөрүн Каржы министрлиги билдирип жатат, бирок бул да аз",- деди Мотукеев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан