Жактоочу: "Алкановго кол салуу фактысына шектелген 17 жаштагы кыздын үй камагына чыгарылганы негизсиз"

Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектелип кармалгандардын биринин үй камагына чыгарылганы боюнча Талас облустук сотуна даттануу каты жиберилди. Бул тууралуу Алкановдун жактоочусу Юрий Скатневский билдирди.

Анын айтымында, 16-февраль күнү Талас шаардык соту Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча шектелгендердин ишин карап, 17 жаштагы Д.Ны үй камагына чыгаруу жана А. кызы Гны соттук-психологиялык текшерүүдөн өткөрүү боюнча негизсиз чечим чыгарган.

Ошондой эле ал “шаардык сот чечимди Акыйкатчы институтунун басымы астында кабыл алды” деди.

Буга чейин акыйкатчы Бакыт Аманбаев Таласта 17 жаштагы кыздын камалып жатканын мыйзамсыз деген эле.

Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз жана эки айым кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EdikoKG
2015-02-19 13:36:31
Алканов озуно озу ор казган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан