Ош шаарында 1 ай бою изделип, кийин атасынын мүрзөсүнүн жанынан денеси табылган студент кыз өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн. Бул тууралуу
бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. "Бир айдай дайынсыз болуп изделген 21 жаштагы Мария Рыбалова жоголгонго чейин 15 күн мурун өз өмүрүнө кол салган. Ал үйүнөн дары ичип өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Анда облустук ооруканага жеткирилип, аман калган экен. Бул окуядан 2 аптадан кийин жоголуп кеткен. Аны Ош, Жалал-Абад, акырында Бишкек шаарынан да көргөндөр болуп, милицияга билдирүү түшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал өзүнүн жанын кыйган болушу мүмкүн, себеби атасынын мүрзөсүнүн жанынан анын денеси табылганда колдорунда дары-дармектер болгон. Ал эми толук маалыматты, качан, кандай болуп өлгөнүн соттук-медициналык экспертиза чыгармакчы. Экспертизанын жыйынтыгы 3-4 жуманын ичинде даяр болот. Анын үстүнө аны бирөө өлтүрүп, алып барып таштап коюшу да мүмкүн, учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- дейт З.Сыдыков.
Айта кетсек, Мария Рыбалова 19-январь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошондон бери издөө иштери жүрүп жаткан. Ал эми кечээ, 18-февралда анын жансыз денеси Туран шаарчасында жайгашкан атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылган. Анын жанында бир канча белгисиз дарылар болгон. Эске салсак, жакынкы убакыт аралыгында эле бул кыздын атасы, андан көп өтпөй бир тууган агасы да каза болуп калган. Бул окуялардан кийин ал өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.