Ош шаарында каракчылыкка шектелген айым кармалды, учурда анын шериги изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда
SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. "Буга чейин милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз аял ага тийишип, аны алдоо жолу менен ажатканага киргизип, ал жактан аны шериги экөө муунтуп, тоноп кетишкенин айткан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун 17 700 сомун алып кетишкен. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы кара-суулук аял кармалды. Учурда анын шеригин издөө иштери жүрүүдө",- дейт З.Сыдыков.
Анын айтымына караганда, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу аныкталууда.