Нарын облусунун Ак-Талаа районунда эки адам кар көчкү астында калып каза болду. Бул тууралуу 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 18-февралда аталган райондун Жерге-Тал айылынын Кашка-Суу жайлоосуна жылкы айдап келүүгө Жерге-Тал айылынын беш тургуну чыгып, кар көчкүгө кабылышкан. Анын кесепетинен эки адам каза болгон.