Базар-Коргондо уурулук кылганы үчүн 22 жаштагы жаранды сабап өлтүрүп алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя февраль айынын башында Базар-Коргон районунда болгон. Анда Сузак районунун 22 жаштагы тургунун уурулук кылганы үчүн 3 адам ур-токмокко алган. Мунун кесепетинен жабыркаган адам ооруканага жаткырылып, үч күн өтпөй каза болуп калган. Учурда “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкан 22 жаштагы жигит Орусияда мекендешинин акчасын уурдап, Кыргызстанга келе берген. Бул боюнча акчасын уурдаткан адам Базар-Коргондогу туугандарына билдирген.