Чүйдө бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 565 айдоочу кармалды

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздук кызматы Чүй облусунун райондорунда профилактикалык иш-чара өткөрүп, натыйжада жол эрежесин бузган 565 айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө олуттуу жол эрежесин бузган айдоочулар болгон.

Алар: 

- ичимдик ичип алып унаа башкаргандар - 11;

- катуу ылдамдыкта айдагандар - 120;

- унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар - 24;

- тиешелүү документтери жоктор - 146;

- унааны номуру жок айдагандар - 10;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандар - 254.

112 унаа убактылуу токтотуучу жайга жеткирилген. Иш-чара республиканын башка аймактарында да улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан