Ноокат райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокат райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Ноокат райондук сотунун жардамчысы жарандык иштеги маселени оң жакка чечип берүү үчүн 120 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Ноокат райондук сотунун төрагасы Т.С., анын жардамчысы М.А., катчысы А.Н. 33 миң сом жана 100 доллар алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан