Борбор калаада жасалма документ менен унаа айдап жүргөн 29 жаштагы Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев-Беларусь көчөлөрүнүн кесилишинен Infiniti FX 37 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын документтерин текшерүү учурунда ал жасалма экени жана унаа Беларусь жаранынын атына жазылганы аныкталган. Ал эми техникалык экспертизанын жыйынтыгында унаанын чанагынын (кузов) номуру буга чейин сүрдүрүлүп, кайра жасалгандыгы маалым болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.