Токмокто каракчылык фактысына шектелген жаран кармалды

Токмокто каракчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 21-декабрында Токмоктогу кийим саткан дүкөнгө белгисиз адамдар кардар катары киришип, сатуучуну бычак менен коркутуп, 22 миң сом акчасын, уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Маевка айылынын тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан