Ак-Талаа районунда кар көчкү алдында калып каза тапкан эки адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-февраль күнү Кашка-Суу жайлоосуна жылкы айдап келүүгө кетишкен 5 адамдын экөөсүн кар көчкү басып калган. Тилекке каршы, алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Каза тапкан эки жаран Жерге-Тал айылынын 33 жаштагы Адылбек Төлөнбаев жана 22 жаштагы Мирбек Жээнбай уулу аттуу тургундары болгон.