Алманбет Анапияевдин сөөгү Кыргызстанга алынып келинерин жакын тааныштары билдиришти

"Кримавторитет" Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнү чын, сөөгү жакын арада Кыргызстанга алынып келери күтүлүүдө". Муну бүгүн, 20-февралда ысымын атагысы келбеген А.Анапияевдин жердеши кабарлады. Маалыматка таянсак, Анапияевди кылмышкерлер уктап жаткан учурда өлтүрүшкөн. 
Эскерте кетсек, кечээ маалымат булактарына Минск шаарында А.Анапияевдин өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тараган. А.Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин наамына берилген Орусиянын паспорту Улуттук коопсуздук кызматына Беларустун атайын кызматтары тарабынан жөнөтүлгөн. Ага канга боёлгон дененин сүрөтү тиркелген. Укук коргоо органдары бул окуя боюнча маалымат берүүдөн азырынча баш тартышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
alas
2015-02-20 12:22:21
Жаткан жери жайлуу болсун аллахым озу кечирсин кетирген куноолорун калган омурун балдарына берсин
0
Likvidator
2015-02-20 16:15:16
"Жээндер" Баяман баатыр олгондогудой дагы букаларды союп тойлоп жатыптыр анда.(( Ушул маалымат жалган болуп калгай эле.
+6
Abdyrawit
2015-02-20 20:32:42
жакшы иш болбоптур...жаткан жери жайлуу болсун кээде туруп жерди тепкилеп алам...жогоруда бироо айткандай мындай адамдардын душманы кыргыздар оздору эле...биз бири бирибизди коро албайбыз..озунун жанындагы ишенгендери акчага саткан окшойт да
0
erikkarakulja
2015-02-20 21:55:33
Алманбет сага данк!!! Ош элин душмандардан сактап Ошту тазалап бергенсин. Элин сени унутпай.
+6
toktopolot79
2015-02-21 02:51:22
Мен ишенбеймин! Бул болгону азыркы бийликтин Бакиевке болгон дагы бир шоосу болсо керек,
0
ironlady
2015-02-21 12:59:26
"Наркотрафикти козомолго алган" болсо кыргыз жаштарын наркоман кылганга туздон туз салымы бар. Анан кантип баатыр, элди ойлогон деп айта аласынар?Завод фабрика куруп, элди жумуш орду менен камсыз кылып койгонсуп.
-5
Bakulya79
2015-02-21 13:14:42
Булар бизге окшогон карапайым элге зыяны жок деп ойлойм.ал чиновниктерди бираз болсо да тыйып турчу.аша чаап байыгандарды.бизге негизи Алманбеттей жигиттер коп болсо,биз кыргыздар жакшы жашамакбыз.
+3
SULUU-KYZ
2015-02-21 13:57:45
jatkan jeri jailuu bolsun,ALLahym suragyn jenil kylgan bolsun.
0
abdumator
2015-02-21 18:49:45
2012 жылы АКШ бийлиги Анапияев менен Кольбаевди эл аралык «Братский круг» атту кылмыш тобунун тизмесине киргизген. Бул «русская мафия» деп эсептелген «Братский круг» кылмуштуу тобу Италия, Япония, Кытай мафиоздук кландарына теңелгең АКШ душмандары деп эсептелет. Анапияев Афганистан-Ош-Батыш маршрутундагы наркотрафикти өз колуна алып көзөмөлдөгөнү маалым. АШК Бийлиги Кольбаевдин схемаларын ачыкка чыгарып жойууга жардам бергендерге 1-миллион доллар $ беребиз деп жарыялаган.
0
abdumator
2015-02-21 19:04:17
Москвадагы кыргыздарды токойго алып барып сабап, кордоп, олтуробуз деп коркутуп акча талап кылган шакалдар тобун жетектеген "Чач" кличкасы бар - Эрнист Мурзахметов аттуу шылуун, дал ушул Алманбет Анапияевдин жан жокору болуп эсептелет. Чач Москвадан Дубайга тез-тез каттап Алманбетке жолугуп турчу. Бирок Чач жакында тузакка тушуп СИЗО до олтурат.

0
abdumator
2015-02-21 19:14:19
Эмнеси болсо да Жаныш, Максим Бакиевдер, Камчы Кольбаев үчүн Россиялык эң кыйын вор - Дед Хасанга 2008 жылы 300 миң $ доллар берип Камчыны "вор в законе" кылып шайлатканы айтылып жүрөт. Бирок алдын ала Бакиевдерге баш ийбеген Рыспек Акматбаевди аттырып жок кылышкан деген соз бар. Ошентип Бакиевдер кылмыш дүйнөсүн Камчы аркылуу өз колуна алышкан. Анан Кыргыстандын түштүгүнө смотрящий кылып Алмамбетти даярдашкан. Алманбет болсо Ош облусун смотрящии Маматов Болот (кличкасы «Поке»), Ош шаарынын смотрящии Досонов Кадырбек Акбарович (кличкасы «»Дженго»), Жалал-Абад облусунун смотрящии Сыдыкова Канат, аркылуу Харог – Ош – Батыш олколору - наркотрафигин карашчу. 2010 жылы Ош коогалаңынан колдонуп Анапияевдын кылмыштуу тобу көптөгөн адамдарды коркутуп, алардын үйлөрүн, автоунааларын, бизнестерин "кара нотариустар" аркылуу оформление кылдырып тоноп байышкан.







+1
shamalchanin
2015-02-21 19:19:34
Ылайым эле ушундай кыйынчылык кундордо Рысбек ,, Баяман ,, Алманбет ,, Санжар агаларыбыз келип калышса кана ээ.. Азыркы бийликтегилерге караганда ушул 4 азамат мекенди башкарышса башкача болор белее
+1
abdumator
2015-02-21 19:35:48
Орустар атмакчы "свято место пусто не бывает" мунун ордуна дагы бир Робин гуд чыгат. Криминалдан кутулуш үчүн Белоруссиянын Президенти Лукашенкодой кылыш керек. Ал 1990-2000 жылдары криминал аябай күчөп рэкеттер жайнап кеткенде, атайын жашыруун "эскадрон смерти" түзүп криминалдык авторитеттерди түп орду менен жок кылган. Көптөгөн ворлор дайынсыз жоголуп кетчү, ал тургай алардын кээбирлеринин үй-бүлөөлөрү да жок кылынган. Милицияга кылмыш топторун суроо сопкуту жок атууга "добро" берилген.
0
abdumator
2015-02-21 19:42:21
Акырында Белоруссияда бир да криминалдык авторитет калбай баары чет өлкөгө качып,же өлүп жок болушкан. Лукашенко өзү да кылмыш дүйнөсүнө ачык айткан: "Кимиң кылт этип туура эмес кыймыл аракет жасасаңар башыңарды үзүп алам, баягы Щавлик (вор в законе)жана башкалар азыр каякта?" - деп айткан. (Алар тиги дүйнөдө экени белгилүү).

0
makwell
2015-02-21 23:05:24
жакындары мындайча айтканда кошо жургон братвалары очун алса керек эми,баарыбир..баланы кыйнап олтурушуптур..эх кыргызым десе..бийликтин оюнуна кирбеш керек,каралар кара жолдо жургону он..билбейм крим авторитет.деп РЫсбекти\да жок кылышкан эле..бирок булар депутатардан коро эркекче журушот...алардай шакал да эмес..качпай эле койсо болмок экен..бийлик алмашканда чыгып алмак да..мындай балдар аябай керек кыргыз учун..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан