Кыргызстандык мушкер, акыркы кезде “Украиналык атамандар” командасынын курамында машыгып жаткан Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс серияларында кезектеги беттешин 21-февралда өткөрөт. Анда орусиялык мушкерге каршы чыгат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул күнү “Украиналык атамандар” аталган сериялардын 6-турунда Орусия курамасына каршы турат. 52 килограмм салмакта Азат Усеналиевдин рингге чыгары күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы бул эки команда кез келгенде украиналыктар 8:2 эсебинде утулуп калышкан. Анда Украинанын клубуна 2 упайдын бирин Азат алып келген.