Ош шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы аэропортко жакын жерде болгон. Анда Хундай ГЕТС үлгүсүндөгү унаа жарнама тактасын сүзүп, унаанын салону, кыймылдаткыч бөлүгү, 2 алдынкы дөңгөлөгү күйүп кеткен. Анын кесепетинен 18 жаштагы Х.С. аттуу айдоочу окуя болгон жерден каза тапкан.
Жол кырсыгы болгон жерге келген милиция кызматкерлери айдоочунун денесин туугандарына өткөрүп беришти.